кишилик1

китептерде 9 жолу, 5 китепте кишилик 2 →
  1. Кишичилик, адамгерчилик.
  2. Канча кишиге тете экендигин же нерсенин көлөмү, өлчөмү канча кишиге таандык болорун, туура келерин билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бер жакта далай кеп жатыр, / Хан Калдык баштап калың кол, / Жер тумандап кара жол, / Саранжанын элине, / Башчы болду Бетирке, / Териге сыйбай баратат, / Баш кишилик жеткенде, / Кененим менен Орунбай, / Учурап калды жолунан, / Таласка жакын жеткенде, / Калдыкка барып Бетирке, / — Бул сапар жолду мага бер, / Мен чыгайын жеке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир күн конок болгону, / “Мен элүү миң кишилик, / Коноктун камын кылдым” деп, / Келген киши көп болду, / Барган киши болбоду, / Калган күнү кыргыздар, / Жанынан сатып жеп конду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Билегинде күчү бар, / Жан кубантар сөзү бар, / Өлүмдөн коркпос өзү бар, / Жалгыз кара бир башы, / Миң кишилик иши бар, / Айласы артык илегер, / Албайып турган кайран шер, / Асманда булут жолунда, / Алаңгир жаа сур жебе, / Алмакеңдин колунда, / Абаң Кошой бир басып, / Үстүнө кызыл тон жайып, / Чыгарды элден узатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кимиң барсаң аның бар, / Бир кишилик алың бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…зиң, / Пара берип, мал жандап, / Калдуубеттин жөлөгү, / Керге келбейт бөлөгү, / Айтканымча болоорсуң, / Аңдып жүрсөң күн-түн, / Уктаган жерде туш болсоң, / Бир кишилик болорсуң, / Сомбилектин томпойуп, / Оморуп анда койорсун, / Каалаганча өз эркиң, / Канын ичип тойорсуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →