кишене

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Жылкынын үйүрүн көргөндө, кулунуна каралаганда же кулуну энесин көргөндө ж.б. учурларда үн салуусу, дабыш чыгаруусу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п баркылдап, / Доолбас үнү шаңкылдап, / Элестеп көзгө көрүндү, / Кызыл желек жалпылдап, / Кара лөгү Манастын, / Тайраң салып далпылдап, / Аккуланын үнүбү, / Ат кишенеп даркырап, / Ай балта үнү шаңкылдап, / Чокмордун үнү каңкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаныбарым Аккула, / Ат дүбүртүн укканда, / Кайдан келген душман деп, / Түшмөк болду башыма, / Түгөнбөгөн душман деп, / Токтоно албай удургуп, / Ошентип турган кезинде, / Телкызыл чыгып кашатка, / Келаткан элди көрдү эле, / Биз быйакта дегенсип, / Кишенеп сала берди эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төөлөрү боздоп буркулдап, / Уйлар мөөрөп озондоп, / Ат кишенеп тура албай, / Качырга кирип калтырак, / Жер токтобой чайпалып, / Канча заман жаткан чөл, / Караан калгыр калтырап, / Коркконунан жан турбай, / Айласы кетип аск… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ээси түшүп калгандай, / О куранып кишенеп, / Бута атым ыраак өтө албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал дубалдын ичине кирсе, бир чаар тулпар Камыртайды көргөндө кишенеп тизесине чейин, дагы арыраак бастыра түшсө, көзүнө чейин жерге батты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →