кишенде
- Бутуна кишен салуу.
- өт. Тоскоолдук кылуу, буйдоо болуу, токтотуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кишенде колун чечкиниң, / Үйүңө алып кеткиниң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жандырган болсо Турнаны, / Жолдон таап алалы, / Орго салып таштаса, / Ордон таап алалы, / Матаган болсо кишендеп, / Колдон таап алалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жалгызектин Бактыбай, / Акылы бар ар кандай, / Өзөндүү жерге кезигип, / Өргүтүп элди түшүрдү, / Кароолчунун барысын, / Колу-бутун кишендеп, / Эки күнү күтүндү, / Жигиттердин ыктуусун, / Иш кылалчу мыктуусун, / Ар тарапка таратты, / Коросон менен испандан, / Келер жагын каратты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ырып, / Көрсөтүп туруп Манаска, / Киндиктен ичин жардыртып, / Өпкө, боор, жүрөгүн, / Өлтүрбөй туруп алдырып, / Сүйрөтүп итке салдырып, / Кампалаңды карматып, / Кишендеп колун байлатып, / Кошо алып айдатып, / Камап койгон алтоону, / Малабекке карматып, / Тогуз айга күн болжоп, / Койо бер деп ошондо, / Даңдунбаш карай жөнөдү, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манжулар колун бошотпой, / Көйзө менен кадаган, / Кишендеп бутун байлаган, / Ушул сапар чоң Ойрот, / Өкүмүмө көнсүн, деп, / Балбандары мындай көп, / Сомбилек көзү көрсүн, деп, / Чечтирген колун байлаган, / Кутулганы жалгыз күн, / Колу-буту аркандан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →