кишен

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Качпас же ууру алып кетпес үчүн жылкынын эки астыңкы бутуна салып, бекитип коюучу тушоо.
  2. өт. Күнөөлүү адамдын колу-бутуна салуучу темирден жасалган тогоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колу менен бутуна, / Баарына кишен салдырды, / Канча жылдан бер жакка, / Кыркыңды бактым сарбактап, / Бир кишиден качыпсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Хан болгондо Отордун, / Каарына өзүм кармалдым, / Бутта кишен, колдо аркан, / Ээн басалбай саргардым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…манкен, Ташкен, Самаркан, / Баштап жүрүп Кикимат, / Баарын алды колуна, / Калк башкарган хандардын, / Эл бийлеген бийлердин, / Боолук салды мойнуна, / Кабаттап кишен салдырды, / Буту менен колуна, / Калмактан бирден калтырды, / Ошолордун ордуна, / Такыр бүгүн аман бар, / Кикиматтын колунда, / Билбепбиз не бар ойунда, / Кене… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кастык, шумдук, жалаалар, / Каршы алдынан табылар, / Арамдардын кылыгы, / Жүрөккө салды жалынды, / “Ишенгиче эриңе, / Босогоңо ишен, — деп, / Бирде көрсөң жыргалды, / Бирде турмуш кишен” – деп, / Каныкей айткан кеп калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Салдырып бутка кең кишен, / Кынжылатып мойнунан, / Андан кийин Бакайдын, / Мабу кеп чыкты оозунан: / — Эл кыдырып келсин, — деп, / Чыккынчы болот ушундай, / Кыргыздын баары көрсүн, — деп, / Бирине-бири кас болбой, / Ынтымактуу жүрсүн, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →