киш2
- Кой-козуларды айдаганда же кайырганда айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эртең менен болгондо, / Эл жайыкка толгондо, / Казыначы куу жигит, / Чимирик болгон кол ийик, / Кашына Каныш ээрчитип, / Кайырма жака киш ичик, / Желбегей Каныш жамынып, / Эки жеңи салынып, / Казына оозу ачылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– / Каныкей кошот кан какшап: / — Кайырма жака, киш ичик, / Желбегей жеңин бош таштап, / Кайрылбай кеттиң эч кимге, / Кайгырамын көз жаштап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Киште ойногон Семеңдин, / Кулак-мээсин жарганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Айымжан таежеңем «киш-киш» деп козуларды айдашып, короодон узатышып салды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →