кичинесин
- Кичине сыяктануу, өзүн кичинемин деп ойлоо, кичине саноо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арамзада Суумерген, / Боронбайга жолугуп, / Булкулдап ыйлап соолугуп, / Болгон кепти бүт айтып, / Апыртма кошуп күч айтып, / Жалган жерин чын кылып, / Кичинесин чоң кылып, / Боронбай болгон кепти угуп, / Бу дагы жүрдү оолугуп, / Кырк миң колун жардатып, / Топуракты чаңдатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Койгун десем ошондо, / Тилимди менин алган жок, / Кичинесиң сен анда, / Каруу кылар дарман жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Силер ушул жол менен жүрүп олтурсаңар, жүрүп олтурсаңар эки айрылыш жолго кез келесиңер, Чоң жолуна улууң, кичинесине кичүүң түш, – дейт да, жолду көрсөтүп өзү кайра кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →