кичине
- Көлөм, сан, салмак ж.б. жагы, көрүнүш, өлчөмү азыраак, кичирээк, чоң эмес, аз санда.
- Жашы, күч-кубаты, даражасы ж.б. жагынан кичүү, чабал, жогору эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Экинин бири энтеңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Азабын колго беребиз, / Асылып келсе тим элге, / Тобоңо жансаң каласын, / Ушул жерден сенделе, / Канат керек учарга, / Куйрук керек конорго, / Ойлонгону жакшыдыр, / Кийинки болор ишине, / Эр азамат кичине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чоң, кичине дебестен, / Бирден жүнүн ылгаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аты айткан ишти жасаганда жол ачылат да, атын жетелеп кирип жатса, оң жактан дагы бир кичине каалганы көрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →