кичи1

китептерде 25 жолу, 8 китепте кичи 2 →
  1. Кичүү, кенже.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чоңу аттын башындай, / Кичиги жыңдын ташындай, / Уктап өзүм тургунча, / Дайарлагын ушундай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкчөдө эки катын бар, / Агеркеч аттуу чоңу бар, / Алмамбет менен ойнош, деп, / Ушак тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип калышты, / Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөнүн залд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кичи сиңдим Гүлнардын, / Дал он үчтө жашы бар, / Сүрөтү менде тартылуу, / Эп келсе, Чүрөк, алып бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сенин балаң менмин — деп, / Алоокенин кичи уулу, / Алтымыштын кенжеси, / Ороккырга теңмин — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Анткени мен качан да бир кой сойгон үйгө барып келгенде: — Эмне алып келдиң, кичи дей турган үйдөгүлөрдүн карызы эсимде болучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →