китеп

китептерде 10 жолу, 3 китепте
  1. Түрдүү мазмундагы тексттердин басмага басылган, мукабага салынып түптөлгөн барактарынын жыйындысы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өңкөй моңгул молдосу, / Ыраңкүдүк дагы бар, / Ал каапырдын колунда, / Ачып билчү балы бар, / Китебине койулган, / “Ыстырлап” деген наамы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үйүнө Балта барганы, / Байагы кызыл китебин, / Дагы алып карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балдар жатты жайланып, / Жан кишиге билдирбей, / Жамгырчы өзү ат багып, / Күндө карайт Жамгырчы, / Колунда китеп катты алып, / Башынан бери келаткан, / Кылар иши Манастын, / “Ыстырлаптан” жатты алып, / Эсептесе Жамгырчы, / Эсеби күндүн толуптур, / Эрендер сүргөн эр Бакай, / Келер маалы болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каңгайларга кожо экен, / Айткан кеби шар экен, / Атасынча бар экен, / Китебин ачып карады, / Айткан кеби мына бу: / “Жети-сегиз атага, / Манастын бардык тукуму, / Адам жеңбейт ошону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Биринчи китептин аягы. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →