кисе
- Калың кайыштан кооздолуп жасалган, оттук таш, куу ж.б. салынуучу, курга боосунан бекитилип, же илинип коюучу тегерек кутуча түрүндөгү баштык.
- Жалпы эле кайыш кур (кисе, кын ж.б. бөлүктөрү менен бирге) деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ташка тийген немедей, / Чак этип кайра жанганы, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарайна, / Далысында калканы, / Торгой көз темир бадана, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө камдалуу, / Сарапча тартып көзүнө, / Көргөн киши …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Беттешип калса пендеге, / Табылбас ага эч даба, / Кулач кез мойну узарып, / Өпкөдөй бети бышарып, / Өрттөй көзү кызарып, / Көн кисеси шалпылдап, / Чоң кылыч белде жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ы алып, / Эн темир менен канжарды, / Унутуп калбай аны алып, / Колунсакка ок салып, / Мүрүгө илип жааны алып, / Чарайнасын тартынып, / Калканы жонго артылып, / Кисепче менен калдыркан, / Тизеден ылдый салаңдап, / Жети кабат күрөөкө, / Кийгени темир көмөрүп, / Тогуз кабат туулганы, / Төбөсүнө чөмөрүп, / Буттап темир курчанып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Туулгасы башта жаркылдап, / Боз кисе жанда шалкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →