кирпиктүү
- Кирпиги узун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кирпиктүү көзүн ирмебей, / Карап турат Каныкей, / Абдылда үйгө киргенде, / Акырын басып иймене, / Чатырдан чыгып буластап, / Мончокторун бек кармап, / Тушка келип турган кез, / Кулак төшөп сөз тыңшап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
менен Байматты, / Башчы кылып Нармартты, / Чылбырынан Каныкей, / Кула атты карматты, / Таң аткынча чыдабай, / Кандай кылып жатат, деп, / Ошол түнү үч барды, / Кирпиктүү көздөр жумулбай, / Күн чыгып кайра таң атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ашыктырсаң, падышам, / Айылга түнөп жатбастан, / Түндү улап күндөргө, / Кирпиктүү көздү жумбастан, / Он алты күндө келейин, / Өзүңө жообун берейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →