кирпик

китептерде 104 жолу, 10 китепте
  1. Көз жапкагынын кырындагы (көздүн айланасындагы) майда кылдар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билгеним айттым алдында, / Көп кечикпей кетип кал, / Күмбөзгө силер келгели, / Болуп калды алты күн, / Аман келээр бекен деп, / Уктай албай жаткан бар, / Кирпик какпай узун түн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…амжыдай өргөн чач, / Бөктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арзан эмес кан Бакай, / Бармактай тамак таттырбай, / Эс алган сайын баатырга, / Муздак суудан ууртатып, / Кылт дедирип жуткуруп, / Жел киргизбей кумтушуп, / Каныкей качан келет деп, / Белес жакка көз түрүп, / Бир түндү араң өткөрдү, / Кирпик какпай олтуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көөдөндөн чыгып, кеткен жок, / Мыдырап кирпик жаны бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →