кириш3
- Бир ишти иштөөгө баш коюу, иштей баштоо, аракет жасоо.
- Кийлигишүү, кошула кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылганына киришип, / Кыйгачынан тиктенип, / Кыйык сөз угуш не пайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жан айабай салышып, / Жамбаштан канды агызып, / Чыдаштык кылбай темирлер, / Быркыратып чабышып, / Колунда жарак жок калып, / Койгулашып киришти, / Камчы менен салышып, / Коросондон Балтыркан, / Кокус баатыр неме экен, / Коросондун ичинде, / Мен жалгызмын, дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дешип баары сүйүнүп, / Жүгүрүп үйгө киришип, / Сасык айран, көк иркит, / Бирден жутуп ийишип, / Көөкөрлөрүн карашып, / Арак ичип суусунга, / Жогу бардан сурашып, / Баарысы айтып Манасты, / Бабырашып чуулашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Алардын карааны жоголоор менен берки кайра ишке киришти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →