кирилде
- Дем алганда, сүйлөгөндө көкүрөгү кир-кир этип туруу, үнү ачык чыкпай киркирөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара кыргыз Бактыбай, / Ага чалык өлбөсө, / Көзүнүн жээги ириңдер, / Көкүрөгү кирилдер, / Качып бара жатканда, / Катышпайын башкага, / Буйдалып калсам болбоймун, / Бекбача бар артымда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көөдөндөрү кирилдеп, / Көздөрү чылпак ириңдеп, / Кирпиги катып чакыйып, / Сакалдары бириндеп, / Коколорун кысышып, / Жакаларын жыртышып, / Бел боолорун үзүшүп, / Ээктерге сүзүшүп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →