кире
- Акыга жүк ташуучу жалданма араба.
- Жол жүрүүгө сарпталуучу чыгым, каражат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келсе беш урук, / Элиңе кет кек албай, / Жериңе кет бир тынбай, / Кетпесеңер элиңе, / Жетпесеңер жериңе, / Эрегишсең биз менен, / Киресиңер көрүңө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Белдүүсү төртөө көрүнөт, / Белсенип жоого кирери, / Кырктан ашык көрүнбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куш салса бирге салышты, / Ат койсо бул да жарышты, / Күн кеч кирер мезгилде, / Аркага кайта жанышты, / Мейкин зоого барганда, / Кирип кетти калгандар, / Кире албай калды Кара дөө, / Капалданып таң атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →