кирдүү

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Таза эмес, кири бар, булганч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нускасын элге жайылткан, / Сөз менен элди байыткан, / Көөнү кирдүү ким болсо, / Күзгүдөй ачып жарыткан, / Кеп баштаган өткөндөн, / Өткөн менен кеткенден, / Мукактанып калбаган, / Боз торгойдой сайраган, / Мындайлардан камдаган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кирдүү көйнөк кийбеген, / Өз бойуна ишенген, / Мен тазамын дегенден, / Бирге барды дуулашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Андан башка билбеген, / Кирдүү кийим кийбеген, / Кирдүү айак ашын ичпеген, / Кышта кысыр бээ сойуп, / Жайдын күнү той жеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →