кирде
- Кир жуккан, булганган абалда болуу, кир болуу, булгануу.
- өт. Жаманатты болуу, кепке сөзгө калып, баркы кетүү.
- өт. Көңүлү калуу, капа болуу, таарынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Минген атын опчулап, / Боорунан күмүш топчулап, / Мойнуна жалгап жаптырып, / Топурак тоздоп кирдебес, / Көзүнө сурма тарттырып, / Эр айнегин сарапча, / Ат айнегин сурма деп, / Айтылып калган ошол кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
— деди, / Тапшырсын минер тактаны, / Кирдетип Сатай койгондур, / Кулпунта албай бакчаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бүткөн бойу жуурулуп, / Айланып көөнү кирдесе, / Салкын шамал жок жерде, / Сүт болбосо ичерге, / Ошондой жерге түшпөсө, / Ысык урган эгиндей, / Үрпөйүшүп жүдөсө, / Уйпаланган бул кыргыз, / Ошондо жооп бербесе, / Салкын жерде кыргыздар, / Баш берээр эмес дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Не болгонун билбедим, / Көөнүм айнып кирдедим, / Көзүм ачып карасам, / Жети кабат кене тор, / Ортосунда экенмин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кирдеп келди балам, деп, / Көйнөгүн алып Айчүрөк, / Чылап сууга салам деп, / Жакасын Чүрөк кармады, / Тигиши колго башкача, / Эмне деп шек алды, / Аңтара кармап Айчүр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →