киндик

китептерде 49 жолу, 8 китепте
  1. Адамдын жана жаныбарлардын жатынындагы бала түйүлдүгү менен эненин денесин бириктирип туруучу, аны азыктандыруу үчүн кызмат кылуучу курсактын орто бөлүгүндөгү түтүкчө, туулгандан кийин ошол ичегинин – түтүкчөнүн курсактын орто бөлүгүндө сакталган калдыгы, орду.
  2. өт. Негизи, түбү, борбору деген мааниде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…алайлар кылды кайратты, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испан, ооганды, / Кол чакырып куралып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайчы кулак каман алп, / Жез киндиктүү кикимат, / Темир тондуу шалкымат, / Манжудан чыккан канча алп, / Калтырбай баарын соргону, / Күн чыгыш эмес күн батыш, / Жети дөөнү кошо алып, / Асманда жүргөн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп күркүрөп бакырып, / Кырк алты шаар Коросон, / Кырк алты киши чаптырып, / “Казык киндик калбасын, / Келбей жатып албасын / Келген киши жөн келбей, / Үчтөн жарак кармасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лап, / Арстандын таап өлүгүн, / Отко салып куйкалап, / Сыр коргонду кулатып, / Түптүз кылып уратып, / Жубан-келин, кызды алып, / Малды айдатып чубатып, / Эркек киндик дегинди, / Баарысын сойуп сулатып, / Кетемин деп ойунда, / Чыккан болчу бул акмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →