кимдир
- Ким деген сөздөн жасалган белгисиз ат атооч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдыктан булар кеп угуп, / Мени жеңчү кимдир деп, / Өздөрүнчө оолугуп, / Буркан шаркан кээ бирөө, / Ачууланып соолугуп, / Жүрүп кетти бир калмак, / Атын кержин чуу койуп, / Бекбача турат калдайып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ээси кимдир бул жердин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Буга кимдир бирөө кастык кылып, кудуктун ичине таштап кеткен окшойт, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →