ким

китептерде 1539 жолу, 10 китепте
  1. Адамдарга карата айтылуучу сурама ат атооч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргызга келген кайрыгер, / Ким болосуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Билер мени сен, — деди, / Бир кишиң кана, ким? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кутубай ага Таластан, / Жети суу барып кул болду, / Жакшы –жаман күндөрдө, / Силер менен бир болду, / Бирге барып бир келди, / Бул өңдөнүп ким келди? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Бул кимдин малы? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →