килем

китептерде 37 жолу, 7 китепте
  1. Түр салып кооздоп токулган, бир жак бети түктүү, үйдүн тушуна тартуу, полго төшөө же бир нерселердин үстүнө жабуу үчүн колдонулуучу буюм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аты менен өзүнү, / Килемге салып көтөрүп, / Шаарга алып кел деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ордо баккан кырк жигит, / Опсуз баары тың жигит, / Бойу жагын карабайт, / Акыл-эстүү кыл жигит, / Алдынан тосо барышты, / Олтуручу жерине, / Асылдан килем салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Токонек деген куш барып, / Эсен хан андан кат алып, / Ханы калбай бүт алып, / Эсен хандын алдына, / Асыл килем жасалып, / Алты күндүк кантундан, / Хандын ханы Эсенди, / Колго-колдоп көтөрүп, / Ана-мына кылгыча, / Жеткирип аны койушту, / Чет Бейжинге алпарып, / Мына ушун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал Каныкей жасаган, / Атасы Манас олтурчу, / Бир килеми бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Килемчен эки жигит менен колуна чатыраш кармаган кыз теректин түбүнө келип, эки жигит, бир кыз болуп ойной башташат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →