килбото

китептерде 10 жолу, 2 китепте
  1. Отко чыдамдуу чопо, отко туруктуу чопо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кебез тоонун боорунда, / Килботодон алдырсак, / Темир эрип чыгуучу, / Очокту андан салдырсак, / Урум чыкчу Таш кенди, / Алатоодон алдырсак, / Кырым чыкчу кен ташты, / Керметоодон каздырсак, / Ошонун баарын чогултуп, / Көөнө токой Самаркан, / Ошол жерге жам кылсак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
зар берип, / Элүү киши жиберсең, / Чоңополдун боорунда, / Кебезтоонун ойунда, / Анда жүргөн кыргыз көп, / Үч күндөн ашык иш кылбайт, / Ошол жерден жалдасак, / Килботонун айагы, / Керметоонун четинде, / Бир көргөнүм эсимде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…й кепти деди эле: / “Жер бетинде ар жерде, / Килбото, чоко көп эле, / Кен бышырып, таш эрип, / Темир болуп чыкканча, / Жарачусу жок эле, / Чоңополдун чокусу, / Килботосу бек эле” – / Олуйа Кошой баш болуп, / Өзү барып төө тартып, / Алып келген кеп эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Койонаалы баланы, / Кабарчы кылып жиберип, / Кең Кашкардын нар жагы, / Кебезтоонун бер жагы, / Чоңөзөндүн белинен, / Килботосун чалдырган, / Жиберип киши атайы, / Нарга жүктөп алдырып, / Төрө Манас сарайын, / Даңаза кылып салдырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →