кил
- сүйл. Кило, килограмм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыгач, / Таман күйүп жок калды, / Ар канча отун бүрксө да, / Асылга зыйан кылбады, / Бутунан аккан сел калды, / Аны ишке салганы, / Кызыл кан агып бара албай, / Килтилдеп уйуп калганы, / Ошол кезде Кызыл кыз, / Түргөн чийдей жоондугу, / Жылан болуп алганы, / Ачайтып тилин чыгарып, / Аймап соруп жалмады, / Канча катар оп тартып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сары арыстар кырсылдап, / Киле менен сары эшек, / Араң жылат былкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кошойдун адам, төөлөрү, / Темир ташып, кил ташып, / Алтын ташып, мис ташып, / Калай ташып, жез ташып, / Жер көмүр ташып, турп ташып, / Толук бир жыл иштеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кадырың билер жан ошо, / Аралашкан ал жошо, / Ханзаданын бардыгы, / Жанында жүрөт аа кошо, / Бейилиңди билер бий ошо, / Биригип кетер кил бото, / Бекзаданын баарысы, / Бетинде жүрөт аа кошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кан соргуч киле, сары эшек, / Жашап жаткан жапан чөл, / Кызыл сур болуп кубулжуп, / Төшүн жайып жаткан чөл, / Тирүү киши чыкпаган, / Тилеги мунун каткан чөл, / Баскан жандар кумуна, / Тизесинен баткан чөл, / Кадимтен бери бул кумга, / Кадамы каткан кирген чөл.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →