кийинки
- Акыркы, соңку, сонундагы, арт жагындагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…со, / Өзөктөн канын жайарын, / Канык билди хан Калдык, / Салбыр токол болорун, / Таанып билди хан Калдык, / Алдынкы тааныш хандардан, / Калганы жок бир адам, / Кийинки жаңы хандардан, / Балбандан өлдү жыйырма адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Азабын колго беребиз, / Асылып келсе тим элге, / Тобоңо жансаң каласын, / Ушул жерден сенделе, / Канат керек учарга, / Куйрук керек конорго, / Ойлонгону жакшыдыр, / Кийинки болор ишине, / Эр азамат кичине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көргөнгө кызык дүмөктүр, / Кийинкиге жомоктур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кийинки жылы жайында Элебес мени Василий деген адамга малай берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →