кийин3

китептерде 716 жолу, 10 китепте кийин 2 →
  1. Белгилүү убакыт өткөндө, өткөн соң, кийинчерээкте, соңунда.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлгөндөрдү кум менен, / Кишиге киши кол менен, / Кектүүнүн кегин чыгарсаң, / Калгандын көөнүн агартсаң, / Мындан кийин тийбеске, / Убаданы бек кылсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Зарылып мага наалыба, / Жаагыңды талытпа, / Иттен илгер жан болуп, / Кишиден кийин кар болуп, / Антип тирүү жүргөнчө, / Өлүм жакшы чын мага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →