кийимдүү

китептерде 2 жолу
  1. Үстүндө кийими бар, кийимчен, кийими көп, кийим-кечелүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ошол кезде карагер атчан, сур кийимдүү зыңкыйган бир солдат төмөнтөн чаап келди да биздин үйгө түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Арадан он беш мүнөттөй убакыт өткөндө кылыч мылтык асынган шыңкыйган сур кийимдүү карагер атчан бирөө так маңдайыбызда бир жондон чыга түшүп, биз жакты карап атын ойдолоктотуп токтой калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →