кийикчи

китептерде 1 жолу
  1. Кийикке аңчылык кылган мергенчи, кийик уулоочу.
  2. өт. Упай оюнунда окчунун каршысы (экинчи тараптагы оюнчу).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жашырган жок Ырыскан: / — Кайыпчы келип жаткамын, / Кийикчиден кеп угуп, / Жети суунун бир суусу, / Күмүш булак керүүгө, / Ханы Шоорук деп угуп, / Кычыртып келдим Шоорукту, / Бар кебин уктум ушунун, / Азыраак кеги бар экен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →