кийик

китептерде 79 жолу, 10 китепте
  1. Аркар, кулжа, элик, бөкөн, бугу, эчки сыяктуу жапайы аңдардын жалпы аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Байкап көрсө бул жетөө, / Кийик менен күн кечкен, / Аты киши кара баш, / Андан башка билбеген, / Карапайым неме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…Кеңкула оозун имерип, / Калдаңдаган калмакты, / Кара бойун жыйнабай, / Далдаңдаган калмакты, / Шамалга учкан камгактай, / Далбаңдаган калмакты, / Тайган кууган кийиктей, / Барбаңдаган калмакты, / Эки этеги жыйылбай, / Салбаңдаган калмакты, / Токойдо жапа доңуздай, / Дардаңдаган калмакты, / Карчыганын балык эт, / Найза менен му… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ашыктырып катынын, / Болгун ылдам, куйгун, — деп, / Атама мурун сунгун, — деп, / Өзүм туурап ийейин, / Кийиктин боорун куургун – деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…басым чыккыдай, / Кармап сойсо чекеден, / Өзөндө жаткан курунан, / Он эки айры бугудан, / Тоо эчкинин сурунан, / Аралашып айдашып, / Кулжа жатчу кумунан, / Тоо кийик жүрчү курбудан, / Айдап келди тайгандар, / Алтымышты мындайдан, / Байыркынын айбаны, / Адамдан артык кам кылган, / Баарысын жарып кайыптын, / Сомбилектин жанын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга толтурат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →