кибире
- Кибир, жай кыймылдоо, кыбыр көрүнүштө болуу.
- Майда, кичине болуп көрүнүү, начар, жүдөмүш кебетеде болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Байболоттун он жашар, кибиреген кызы бир эсе чыңырып барып, атасына түшө калат да бир эсе безеленип, кайра энесине жүгүрүп келет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ок, кибиреген атаңдын көрүлөр!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →