кеңчилик

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кененчилик, жетиштүүлүк (турмуш шартына карата).
  2. Эркиндик, боштондук, жыргал турмуш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келгенде отуз миң элең, / Бүгүн калдың жыйырма миң, / Силерге кылдым кеңчилик, / Минген атың мингизип, / Кең пейил кыргыз элди бил. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кечилдин ханы келди деп, / Кеңчилик бизге берди деп, / Келген аскер дуу койду, / Кеңдемеге Солонду, / Келбеттүү Алмаң чуу койду, / Келип Сыргак жолгошту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андай эмес абакем, / Кеңчилиги кармаса, / Ырайым шапкат анда бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →