кеңирси

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Өтө кенен, кең-кесири көрүнүштө болуу, кенелип көрүнүү, жайылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ал жеталбай баратса, / Элден черүү алдырам, / Алакандай кыргызга, / Кең дүйнөнү тар кылам, / Кеңирсип жаткан кыргызды, / Жерге жакын жөө кылам, / Керилип баскан мырзасын, / Казан-айак жуудурам, / Өкүм менен угузуп, / Кыздарын үйдө туудурам, / Антын кантип актай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Же Таласты беттеп жол алып, / Карамендер басканбы, / Кененим жокто жетем, деп, / Кеңирсип жаткан кыргызды, / Асты-үстүнө кылам,деп, / Коросондун каалгасын, / Бузуп кирди талкалап, / Күмбөзүнө айкөлдүн, / Кастык кылып жүрбөсүн, / Так түшүрүп баткалап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Келинге кете кийгизди, / Керегин журтка тийгизди, / Кеңирсип жаткан калмактын, / Келтирип берип жылкысын, / Кер жорго атка мингизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Чыдай албайт эгешип, / Азыркынын балбаны, / Арстан экен Манасы, / Ага жолдош болуптур, / Алыскы эрен Алмасы, / Чубак менен Сыргагы, / Чоролор менен калганы, / Кеңирсип жаткан деңиздей, / Келишти мунун төрт жагы, / Бакан төрө болгудай, / Эми бизде ал барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →