кеңири

китептерде 40 жолу, 9 китепте
  1. Аянты, айланасы, турган орду ж.б. кең, кенен, тар эмес, кенен-чонон.
  2. Жетиштүү, мол, тартыш эмес.
  3. Көп, көбүрөөк, кененирээк.
  4. Терең, кең-кесири.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эл көчүп барчуу жайлоого, / Кеңири жери мында жок, / Күзүндө барчуу кыштоого, / Деги маалы болгон жок, / Эмне үчүн ак чыйыр, / Кандай болуп калды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бейлиңди сал кеңири, / Бизге кудай да берер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жеркендин жери өзү туз, / Хотендин жери кеңири, / Сагынбагын, төөчүлөр, / Түндүк жактан элиңди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бир жагы тоонун сырт экен, / Бир тарабы ысык жер, / Ысык жактын көбү чөл, / Жер кеңири, эли аз, / Азыраак уктап, көп басып, / Биздер болдук демалбас, / Биз Кашкарга барганча, / Көп жер көрдүк аралап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Байдын кеңирилигин, молдугун айта келип, угуучумдун көз алдына не бир түрдүү тамактын жети атасын тизип өттүм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →