кеңешчи
- Акыл айтуучу, кеңеш берүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Батай, Катай биригип, / Отор тойун бергенде, / Кыдыртып айтып өткөндү, / Айтып берген неме эле, / Ошол шаарда туруптур, / Бетер деген кары эле, / Хан болгондо Оторго, / Чоң кеңешчи ал эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Бул эки хандын вазирлери, кеңешчилери эки ханды бири бирине ушактап, чагымдап олтуруп, экөөнү уруштурат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →