кеңештеш
- Кимдир бирөөлөр менен бирге кеңешкен, кеңешине катышкан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…өсү батпай көөдөнгө, / Таноолору барбаңдап, / Өңүрүн жыйнап ала албай, / Этектери далбаңдап, / Өпкөлөтө теминип, / Эки буту салбаңдап, / Элине жетип эс алып, / Кеңештеш болгон бегине, / Барганынан кеп салып: / — Кызылкыз колго кирди, — деп, / Кыйынсынган кыргыздар, / Ийинге бүгүн сыйды, — деп, / Толтойдон бери намысың, / Жедиг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ге жакындап, / Чукул кирип келгенде, / Көзүнөн жаш төгүлгөн: / — Айланайын өзүңдөн, / Карааныңды көрдүм мен, / Козголоң салган баарыга, / Кубатай деп угамын, / Кеңештеш киши эмесмин, / Эшиткен менин кулагым, / Оогандын ханы Ырыскан, / Шоорук экөө тилдешип, / Темир шааны куруткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муну угуп Кошойдон, / Оолуга сүйлөйт Оронгуң: / — Кангай болот урунгум, / Эсен хан менен кеңештеш, / Чоң Бейжин болот туругум, / Кыргыздын ханы сен болсоң, / Кангайдын ханы мен болом, / Мен да кары, сен кары, / Менден улуу сен дагы, / Көрүнүп турса билбейсиң, / Бер жагыңан нар жагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →