кеңеш2

китептерде 455 жолу, 10 китепте кеңеш 1 →
  1. Кандайдыр бир иш, ойлонуп чече турган маселе жөнүндө бири-бирине акылдашуу, пикир алышуу, бири-биринен акыл сурашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Аскер ээси сегиз хан, / Аскери жок өзү бар, / Каракөз менен тогуз хан, / Чогулушуп калышты, / Кеңеш кебин салышты, / Чындап кылды убада, / Кетирбеске намысты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Талана, барсаң барып кел, / Бачымыраак кайтып кел, / Керээз ашың ичип кел, / Өлүм тонуң бычып кел, / Кеңешиңди салып кел, / Катын -балаң бар болсо, / Ыраазылык алып кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кай заманды карасаң, / Сан жакшыда бир жаман, / Алмага түшкөн курт болот, / Кеңештен четте калбаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жакындап барганда кеңешип туруп, көчөлөрдү сыртынан бөлүп алдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →