кеңгире
- Башы айланып, зыңылдап ооруу, эч нерсени сезбей калуу.
- Эмне кыларын билбей башы катуу, башы маң болуу, кеңкелестенип бет алды баса берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кеңгиреп ыйлап ар кайда, / Чогулуп өлүп алалбай, / Казып жерге кире албай, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Кирейин десе жер катуу, / Ыйлабаса мал таттуу, / Таттуу эмей неткени, / Көрүшпөгөн көрүшсө, / Аманбы деп мал-жаның, / Мурун айтып мал жагын, / Ал сураша кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коңурбай туруп кенгиреп, / Эл ичинде зенгиреп, / Кол менен нускап көрсөттү: / — Манас - ак сур ат минген, / Ак жибектен тон кийген, / Сендей нечен дөөлөрдү, / Кагып жерге киргизген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жергелүү көкжал Семетей, / Каккан экен ченебей, / Каарданган Кутургур, / Карап калган кеңгиреп, / Эчтемени элебей, / Ойроту жок эр Семең, / Үзөңгүгө тамандап, / Кобо калып чокуга, / Оройлотуп жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кетелек белде кеңгиреп, / Мас болгон нардай зеңгиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Адегенде бир чоң көчөнүн башынан түшүп, аягына чейин эч бир үйгө бурулбай, максатсыз адамдай кеңгиреп, жүрүп отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →