кештелүү
- Кештелеген, саймасы бар, оймо-чиймелүү, саймалап көркөмдөгөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ордодон өтө бергенде, / Чачыкей чыгып чакырып: / — Кештелүү калпак, кең шалбар, / Кеңешим айтар жаш балдар, / Кебимди угуп алыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…кандай, / Кетип барат канкоруң, / Кабагын салып зарланбай, / Адеме төрө көкжалың, / Атынын башын бурганы, / Аркасын карап кылчайып, / Чорого айтып турганы: / — Кештелүү калпак кең шалбар, / Кеңешим айтам жаш балдар, / Саймалуу калпак көк шалбар, / Санаамды айтам жаш балдар, / Алты күнү болгунча, / Ат сергитип алалы, / Анан Чүр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кийин алган кыз катын, / Өзүм турган жеримде, / Айылымдан чыккан өз катын, / Кештелүү жууркан, ак шейшеп, / Төрөр күнүм болорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →