кешпир

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Кейип, кебете, түспөл, жалпы көрүнүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чачынан байлап аскандай, / Кебетеси, кешпири, / Сын-сыпаты баарысы, / Дал адамдын башындай, / Мөмөлүү жыгач чер көрдү, / Кылыч менен жара чаап, / Эки бөлүп койгондой, / Жарты адамды көп көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Далдаңдап Сынчы жөнөдү, / Хан кешпирин эл көрдү, / Арылдап элге жар салды, / Берди, деп, баатыр тилекти, / Сынчыбектин көп колу, / Эли менен аттанып, / Арбын мөрөй алгансып, / Адамдын баары шаттанып, / Ушундай болду, «Йа пир! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндү караса, / Айткан кеби бал экен, / Ак пейилдүү жан экен, / Кебетеси кешпири, / Сын-сыпаты, белгиси, / Баарысынан зал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жалганда бул чочконун, / Бүтөр эмес жулкушу, / Кебетеси, кешпири, / Оңой олтоң неме эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бойу окшош, өзү окшош, / Кебетеси, кешпири, / Чыккан түгү баары окшош, / Аркар-кулжа текени, / Айдап келет топ-топ-топ, / Карышкыр келсе канчалап, / Тобу менен жоготот, / Бири барып канжалап, / Көкбөрү тобун бөлүнтөт, / Ит төрөсү кумайык, / Баатырлыгын көрүнтөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →