кешмир
- Жоолуктун бир түрү. Кашмирде чыгарылган шалы жоолук. Бул жоолукту өтө уяң жүндөн токуган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н Балыктын, / Арасынан качканда, / Оогандын элин аралап, / Үргөнчтөгү кыргыздын, / Абалын байкап чамалап, / Памирдин тоосун кыдырып, / Күңгөйү менен сыдырып, / Кешмирге жете барыптыр, / Кара нээт Калдыктын, / Шайтаны кармай калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Индустан менен айланып, / Учураган кишиден, / Жолду сурап кеп алып, / Кешмирдеги кыргызды, / Аралап чыкты түз барып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ташкент, Кокон, Маргалаң, / Кашкар, Котен, Кешмирди, / Көз каранды кылган дейт, / Түндүктөгү Каңгайды, / Түп көтөрө алган дейт, / Урумдагы Орусхан, / Баштагы өткөн хандардан, / Будагы кыргыз уругу, / Манас менен бир тууган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кешмир менен айланып, / Котен менен, Чын менен, / Жеркен, Кашкар, шаар менен, / Арал, азык жол менен, / Лопнурдун бойу шор менен, / Жибек артып, шай артып, / Катарлап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кешмирде кыргыз бар деген, / Тоосу түгөл кар деген, / Бара албасаң кайтып кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →