кешик

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Кудалар (көбүнчө аялдар) алып келген бышылуу тамак-аш.
  2. Той, аш берилген жерден алып келинген бышылуу тамак-аш.
  3. Бирөөнүн жегенинен калган, арткан тамак, табактын түбү.
  4. өт. Бакыт, ырыс, таалай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененим келип кыргызга, / Кешиктин кени ачылды, / Коросон менен испандын, / Суудай каны чачылды, / Ажал айдап бул экөө, / Кыргызга келип асылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эли тарап кеткенде, / Бала Тубаш, Бөтө жок, / Калган төртөө кирди эле, / Акжолтой кары кеп баштап, / Ыйлап-сыктап көз жаштап: / — Ак калпак кыргыз кешиги, / Кулагың салып уккунуң, / Куураган менин кебимди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…сурдун сулуусу, / Катындардын нурдуусу, / Ургаачынын мыктуусу, / Узун чачтын ыктуусу, / Кең көйнөктүн тазасы, / Зайыпзаттын баашасы, / Кежиге чачы жүн менен, / Кешигинен эмгеги – / Кейиши мунун көп экен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катырайын кадамың, / Жегизейин кешигиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Балам, менин багар, көрөрүм жок, сенин кешигиңди ичип оокат кылып жүрөйүн, – деп ыйлап кирет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →