кечээтен

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Мындан бир күн мурдараактан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кечээтен бери жаш балдар, / Чыркыратып сабашты, / Мадыбек сабыр кылабы, / Шоорук хандан бузулуп, / Өзү келген Мадана, / Көргөнүн айтпай турабы, / Элден ашкан Шоорукту, / Ичтен чыккан бузукту – / Сен экөөңө талаада, / Көрсөтөйүн кызыкты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сейтектен кеп угуп, / Кутубай барып таластык, / Бабырашып чоголуп: / “Кыйаздын келип баласы, / Бизге кызыр жолугуп, / Кечээтен бери карата, / Катын менен баланын, / Кызмат кылчу адамдын, / Жаны тынды соолугуп” / Дешип булар басылды, / Бабырашып оолугуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Атын жасоолго мингизип, издеп келип, кечээтен бери биздикинде жаткан жолоочу да ушу жерге басып келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түштө үйгө келсек Солто менен Абийир (анын агасы) кечээтен берки апийимди жыйнап, эки жың, үч жыңдан кылып таңып, тактанын алдына кулатып жаткан экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошентсе да кечээтен бери эмгек кылып, ач талаага түнөп терип келген ышкыныбыз бир көчөнүн аягына жеткен жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →