кечээки

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Кечээ күнкү, мындан бир күн мурдагы, өткөн күнкү.
  2. Мындан мурдараактагы, мурунку кездеги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жарадар болуп эки эр, / Кечээки күнү келди эле, / Кытайды Отор сойду, деп, / Бүгүн кабар болду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…п аппак таң атты, / Барабандар кагылып, / Сурнайдын үнү жаңырып, / Аскер атка жабылып, / Эң алдында Бадыра, / Жекеге чыкты чамынып, / Сыртынан кызыл жамынып, / Кечээкиден бүгүн сүр, / Караганга таанылып, / Ак жал сары ат минип, / Кыл куйругун шарт түйүп, / Күрөөкөнүн сыртынан, / Буладан олпок тон кийип, / Найзасынын учунан, / Жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кечээкини унутуп, / Бүгүн мындай дээр белең? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…наача, / Келмек эле ал мага, / Мурда жетип келбесин, / Менден коркту дебесин, - / Анда Кыргыл кеп айтат: / — Арбагы бийик арстаным, / Айбаты журтту басканым, / Кечээки келген бойунча, / Кебелип үйдөн чыкпадың, / Көп иштер өттү шумдуктуу, / Көрбөппүз түрүн асмандын, / Элебей калган экенсиз, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кечээкидей жерге отургузуп тамак берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →