кечээ

китептерде 105 жолу, 10 китепте
  1. Мындан (бүгүнкүдөн) мурдагы күнү, кечээги өткөн күнү.
  2. Мындан мурда, өткөн күндөрдүн биринде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айак жагы кечээги, / Кардыгач менен чакмакташ, / Ниредеги Жагалмай, / Ашын берип салайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Кечээ тургай түндө сак, / Мен багып жүрдүм сак сактап, / Бүгүн жинди болуптур, / Дартына дабаа ким табат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кечээ, Дүйшөмбүдө урушта, / Бирге барды кыргыздар, / Койгун десем болбоду, / Унутуп калган урушту, / Ат чабыш деп ойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойлонду Сыргак жана да, / Жан айабай баратып, / Акылында муну айтып: / “Кечээ тал чокунун кырында, / Чубактын салган чырында, / Ойрон Алма баатырдын, / Ошондо айткан кеби бар: / Хан кыл десем кимиңди? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— Кечээ көрөр замат неге айгайламадың? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →