кечте
- Кеч болуу, кеч кирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өз эркинче болушуп, / Чатыраш ойун салышып, / Кечте ойноочу кыйындар, / Бөлүнүшө калышып, / Кандай акыл берет деп, / Кененимден алышып, / Аксакалдуу карылар, / Эл башкарган жакшылар, / Кенениме барышып, / Кеңеш …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мөөрөй аттың атмачың, / Коргоол менен чатыраш, / Манаптарың баспадың, / Кечте менен топ ташты, / Эртеден-кечке баштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Атам айткан чын болсо, / Нак Семетей экен, деп, / Ээрчип жүрүп алты күн, / Күн өткөрдүм бекер, — деп, / Бүгүн кечте келгенде, / Бастырбай тосуп Буурулду, / Алдына туруп алайын, / Чыгарар бекен зобанын, / Эшитип үнүн калайын” / Деп ойлонуп Кара дөө, / Тирмейип тиктеп турганда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тосмо суудай мемиреген жазы, жумшак кечте, кыжылдаган сансыз кой аралашып, чаржайыт чуркурап, уйлар музоосун издеп мөөрөп, жер суунун тынчын алып, кечки тунук абаны экилендирип, айлана кайнаган күүгө толуп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Дыйкан кечте бир букасын союп берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →