кечмелик
- Суунун кечип өтө турган жери, кечүүсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кечмеликтен кечерде, / Эрдиктен калдык тайганы, / Ураан айтып качырып, / Өзүнүн дайынын айтпады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Банус хандын артынан, / Жалгыз кеткен кара көк, / Аккула менен аргытты, / Артынан кууп жетем, деп, / Жетпесем ишим бекер, деп, / Көөшөрүп бара жатканда, / Чычайа качкан Банус хан, / Кылчайып артын караса, / Кабылан Манас келатат, / Калдайган кара талаада, / Бир кечмелик, кош кашат, / Жер көрүндү арада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →