кечкурун

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Кечке маал, кечкисин, күн батарда.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кечкурундап Мадыбек, / Жанында эки киши бар, / Ийнинде мылтык асынган, / Колунда алган кушу бар, / Өрдөк карап келаткан, / Буткулдуунун сазынан, / Тору ат чыга калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күнүлөрүнө Келинжыр, / Бирден-бирден кеңешип, / Ойлогонун айтыптыр, / Эртеси күнү кечкурун, / Бир жерге барып жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камынтып Жамгыр кууруптур, / Кечкурун балдар келер, деп, / Кирип чыгып эшикке, / Токтоно албай элеңдеп, / Балта айткан бир кеп бар: / “Жакып, Шыгай бир эле, / Бир катындан эле, — деп, / Тар курсакт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, / Аттанып жолго салышты, / Адырлуу тоого барышты, / Тоо айланып жүрүшүп, / Кечкурун кайта жанышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аттарга минип камына, / Кечкурунку бүрүлдө, / Таанылбас киши күүгүмдө, / Тамак ичип жайланып, / Төрт кашка кетип баратат, / Чоң Инген тоосун айланып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →