кечки

китептерде 50 жолу, 8 китепте
  1. Күн баткандагы, кеч болгондогу, кечтеги, кеч киргендеги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны караса, / Көл болуптур мелтиреп, / Каз каркылдап кечкисиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кечкирип калды аңгыча, / Айжаңжүндүн элинен, / Кернейдин үнү угулду, / Аскерлери айдаган, / Койдой болуп чубурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бар жумушуң бүткөрүп, / Санаасын тындыр буларды, / Самаган ойго жеткирип, / Кызың ээрчип кетпесин, / Сен ойлоно берип кечкирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошонун түбүндө, кемегенин жанында кечки тамакты (жарманы айтам да) ичкени отурганбыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →