кечке
- Күнү бою, караңгы болуп, кеч киргенче.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…умдай болуп чачылып, / Аркасында тозоңу, / Жөө тумандай жазылып, / Караган жанды жадатып, / Караган бенде таң калат, / Калтаарып баары калышып, / Кагышып чыкты кечкече, / Аппак шордо салышып, / Кайра жанбай артына, / Өчүгүшүп тайышып, / Өлүмдөн башка кеби жок, / Өзөктөн канды жайышып, / Токтолуп калган жери жок, / Чаалыккансы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Койгулашып коржоңдоп, / Кокус өлүп жүрбөйүн, / Амал кылып урушуп, / Кечкече байкап көрөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күндүзү кечке куш салып, / Түнкүсүн жатып уйку алып, / Эр Семетей жүргөнбү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →