кечирим

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Кимдир бирөөнүн айыбын, күнөөлүү иштерин кечиргендик, кечкендик же күнөөмдү кечир деген маанидеги өтүнүч, суроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п алдыртан, / Каарын салып сурданып, / Баштан болгон жумушту, / Өмүрлүк өткөн урушту, / Жыйнап келип барышты, / Беш урукка чогултту, / Кеңеш берип кеп айтып, / Кечирим болбос жерди айтып, / Түрк уулу Алаш калгандын, / Төрт тарабын тең айтып, / Кеңеш берер жер койбой, / Бар тарабын кең айтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колуңдан келсе айанба, / Өз колуңдан келбесе, / Болбосту менден сураба, / Кечирим кылар жерим жок, / Ойлоп көрсөм мен сага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эми кечирим кылар бекенсиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кечирим кылып өзүңүз, / Кечирериң өзүң бил, / Арып чарчап биз келдик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алдыңа барса жыгылып, / Алымын азайт иш кылып, / Кечирим кылсаң өзүң бил, / Кайгыдан элди куткарып, / Казак, кыргыз калкы бай, / Жардысы жок жалпы бай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →