кечинде

китептерде 89 жолу, 10 китепте
  1. Күн батарга жакын, күн баткандан кийин, кеч кирген мезгилде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ем өткөрүп турушуп, / Кекенишип демитип, / Кетелек алып келишип, / Одарышып бир ээрде, / Тамандашып тебишип, / Кайран жанды кейитип, / Эртеден кечке салышып, / Кечинде кайта келишип, / Баатырлар кайтып келгенде, / Аттан жулуп алышып, / Алдына көрпө салышып, / Жарага даары чабышып, / Илегерлер чогулуп, / Түрдөп айла табышып, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ил байланып так келбей, / Сүйлөй албай балдырап, / Тиктеп калып бир бирин, / Далайгача жалдырап, / Катыкүн уруш кылыптыр, / Чыдай албай Кесилет, / Жаткан болуп кечинде, / Эл уктаган мезгилде, / Коросон көздөй жылыптыр, / Элин таштап салыптыр, / Качып кетип калыптыр, / Таң атканда Саламат, / Качкандан кабар алыптыр, / Былк эте… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Хан Манастын үйүнө, / Хандар келди чогулуп, / Залдын баары сарайда, / Сандаган черүү айылда, / Чоңдун баары борбордо, / Чогулган черүү айылда, / Кечиндеси Каныкей, / Дагы келди байагы, / Төрт баатырдын жанына, / Кеп бар айтар жадында: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртеден кечке чабышып, / Кечинде кайта жанышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир күнү кечинде дагы баягы үчөөбүз тышта, отко картошка салып коюп, кемегенин жанында отурат элек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →